Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2025-жылдын 27-июнундагы №01-5/46
«Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз IX сессиясы, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Кочкор-Ата шаарынын социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Кочкор-Ата шаарынын мурунку мэри Жумаев Алтынбек Токтомуратовичти, Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга берген шаардык Кеңештин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата шаарыбыздын тургундарына Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга берген депутаттардын сунушe эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын мурунку мэри Жумаев Алтынбек Токтомуратовичке Кочкор-Ата шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр А.Э.Нарматовго милдеттендирилсин.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков |