Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Бостери айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги   XXIII сессиясы

 

2023-жылдын 26-декабрындагы  № 01

Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП иш-чаралар планы) эсепке алуу менен  2024-жылга  жергиликтүү бюджеттин такталган долбоорун бекитүү

Бостери айыл аймагынын  2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу программасы  тууралуу коомдук угууларды эске алуу менен Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевдин билдирүүсүн  талкуулап, Бостери айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Бостери айыл өкмөтүнүн  2024-жылга карата түзүлгөн айыл аймактын   социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу программасы бекитилсин. (Тиркеме 1)

2.Бостери айыл аймагынын 2024-жылга карата түзүлгөн  социалдык-экономикалык өнүктүрүү  жана калкты социалдык жактан коргоону камсыз кылуу программасында көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы  боюнча зарыл болгон уюштуруучулук жана массалык иштерди туруктуу жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнө,  менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме-ишкана жана уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин.

 3.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик

укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин. 

           4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 Төрага  

 

 Талантбек уулу Азат