БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Бостери айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектексиз сессиясы
2023-жылдын 21-декабрындагы № 01
Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаары менен Бостери айыл аймагынын биригүүсүнө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” № 350 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасынынын” 4.4-бөлүмүн ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйынынын 11.12.2023-ж № Пр 0/122 Протоколунун жана Бостери айылынын айыл аксакалдарынын, активдеринин, жаштарынын жана депутаттарынын 19.12.2023-жылы болуп өткөн жыйындарынын чечимдеринин негизинде Бостери айылдык кенеши
Токтом кылат:
1.Ысык-Көл облусунун аймагында жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаары менен Бостери айыл аймагынын биригүүсүнө макулдук берилсин.
2.Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаары менен Бостери айыл аймагынын биригүүсүндө “Бостери айыл аймагы” деген аталышын калтырууну карап берүү жагын Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Ж.Т.Ормоновдон суралсын.
3. Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаары менен Бостери айыл аймагы биригип жаткандыгына байланыштуу облустук маанидеги статус берүү жагын Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн суралсын.
4.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик – укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин депутаттарына жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.Усубалиев |