КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин VII-шайланган кезектеги 13-сессиясынын
2023-жылдын 21 июлу № 26
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329 буйругун , 2023-жылдын 21-мартындагы №120-Ни буйругунун 9 пунктун аткарууга алуу жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондунун № 35 контурундагы сугат жеринин абалы жакшы жана сугат суулар жетишээрлик деңгээлде жетээрин Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын тактап чыккан билдирүүсүн талкуулап, Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 7-чакырылыштагы кезектеги 13-сессиясы токтом кылат:
1.Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндөгү № 35 контурундагы Айыл чарба министирлигине өткөн 50% кайра бөлүштүрүү фондунун сугат жерлеринин коэфценти 30 пайыздык өлчөмдө бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т.Темиралиев |