Редакцияот 07.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2023-жылдын 7-декабры № 52

Токтогул шаарынын аймагында мүлк салыгын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Токтогул шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү боюнча Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 05.12.2023-жылдагы №01-17/1283 сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы,кредит,инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, тиешелүү чечим кабыл алынган.

Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын чечимин жана башка сунуштарды угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, токтом кылат:

 

1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, 2024-жылдын 1-январынан баштап Токтогул шаарынын аймагында мүлк салыгы ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

 

2. Салыктардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген нормаларга ылайык эсептелип өндүрүлсүн.

 

3. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү,берилген пландарды аткаруу багытында Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгы менен биргеликте иш алып баруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин орун басарына (Т.Ш.Дарманова) , ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) жүктөлсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (Д.Бакиева) тапшырылсын.

 

5.  Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 

7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

М.Т.Борбугулов

 

 

БЕКИТИЛДИ

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX

чакырылышынын 07.12.2023-жылдагы

кезексиз XXII сессиясынын №52

токтомуна

Тиркеме

 

2024-жылдын 1-январынан баштап Токтогул шаарынын аймагында

Бекитилген мүлк салыгынын түрлөрү

 

№

Элемент

Кирешелердин аталышы

1

1131

Мүлккө салык

 

11311

Кыймылсыз мүлккө

 

11311100

Ишкердик иши үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө

салык

 

11311200

2-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз

мүлккө салык

 

11311300

3-топтогу ишкердик иши үчүн пайдаланылган кыймылсыз

мүлккө салык

 

11312

Кыймылдуу мүлккө салык

 

113121

Транспорт каражаттарга салык

 

11312110

Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык

 

11312110

Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык

2

1132

Жер салыгы

 

11321100

Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун

пайдалануу үчүн жер салыгы

 

11321300

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында

болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы

3

1415

Ижара акысы

 

14152100

Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы

Төрага:

М.Т.Борбугулов