Редакцияот 21.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин VII-шайланган кезектеги 13-сессиясынын

 

2023-жылдын 21 июлу № 27

 

Айыл аймагындагы  калкка таза  суу эсептегич учетчиктерин киргизүү жөнүндө

 

Айыл аймагындагы Эркин-Тоо жана  Ак-Кыя айылдарына АРИС  программасы тарабынан калк таза суу менен  турмушка  ашкандыктан ар бир кожолукка суу эсептегичтерин киргизүүгө  каражат  каралуу боюнча маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кеңешинин 7 чакырылыштагы  13 сессиясы токтом кылат:

1.Айылдагы жашоочуларга таза суу  эсептегичтерин  киргизүүгө ар бир  кожолукка 2500мин  сомдон орнотуу жагы бекитилсин.

2.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  айылдык  кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Төрага:

Т.Темиралиев