КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин VII-шайланган кезектеги 14-сессиясынын
2023-жылдын 28-сентябры № 30
Кызыл-Тоо айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 -августундагы “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ № 215 Жарлыгын ( Жарлык менен бекитилген “Элдик Курултайдын делегаттарынын бөлүнүшү квоталары”, “Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобосу”) Өзгөн райондук мамлекеттик администациясынын 15.09.2023-жылдагы №01-19/966 катын карап чыгып жана талкуулап төмөндөгүдөй
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 19-августундагы ПЖ № 215 Жарлыгын, Жарлык менен бекитилген “Элдик Курултайдын делегаттарынын бөлүнүшү квоталары”, “Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобосуна” ылайык Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү графиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы №2 тиркемеге, жыйындарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңештин депутаттарынын тизмеси №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жободо көрсөтүлгөндөй айыл аймактын өкүлчүлүктүү жыйындарына катышуучу өкүлдөрдүн саны
- Кызыл-Тоо айылы боюнча - 40 өкүл;
- Ак-Кыя айылы боюнча - 18 өкүл;
- Эркин-Тоо айылы боюнча - 26 өкүл;
- Карчабек айылы боюнча - 10
- Доңуз-Тоо айылы боюнча – 6 өкүл нормага ылайык бекитилсин.
Төрага: | Т.Темиралиев |