Редакцияот 25.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз

5-сессиясы

 

2025-жылдын 25-февралы  №5-3

 

Дөбө-Коргон айыл аймагында  бильярд ойноочу жерлер жана чайканалардын убактысын белгилөө  жөнүндө

          Дөбө-Коргон айыл аймагында  айыл тургундарынын  сунушун угуп жана айылдык кеңештин депутаттарынын ой пикирлерин талкуулап,Дөбө-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз  5-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Дөбө-Коргон айыл аймагында бильярд ойноочу жерлер иш убактысын 2025-жылдын 25-февралынан баштап саат 18:00дөн тарта токтотууну,чайканалардын иш убактысын саат 24:00дөн кийин иштөөгө тыюу салынсын.

2.Дөбө-Коргон айыл аймагындагы бильярд ойноочу жана чайканалардын иштөө убактысын белгиленгенден кийин жашыруун мыйзамсыз иштегендерге мыйзам чегинде айып пул салынсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбө-Коргон айыл аймагындагы айыл тескөөчүлөрү жана айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

 А. Сатвалдиев