Редакцияот 07.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы

 

2023-жылдын 7-декабры № 54

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 17.07.2023-жылдагы

кезектеги XV сессиясынын №34 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү

жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” , Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын Регламентине ылайык, туруктуу комиссиянын курамдарына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы, токтом кылат:

 

1. Жогорудагылардын негизинде, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын №34 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

 

  1-пункту боюнча:

 

- “Ишеним” саясий партиясынан депутат Нургазиев Тынчтыкбек Гүлжигитович “Экономика,бюджет,финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент,маркетинг кызматы,кредит,инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын курамына кошулсун.

  3-пункту боюнча:

 

- “Ынтымак” саясий партиясынан депутат Умарова Курманжан Эрнстовна “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы,этикасы,спорт,жаштар саясаты,арыздар,каттар,мамлекеттик стандарт,мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы белгиленсин;

-  Медеров Эсентур Нурсланович “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы,этикасы,спорт,жаштар саясаты,арыздар,каттар,мамлекеттик стандарт,мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасы болуп шайлансын;

 

2. Туруктуу комиссиялардын ишин координациялоо Токтогул шаардык кеңешинин жооптуу катчысы (С.Наралиева) тапшырылсын.

 

3.  Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

4.  Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 

5. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

М.Т.Борбугулов