РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫ (VII чакырылышы)
2025-жылдын 23-сентябры № 2
Лейлек районунун өнүктүрүү фондуна сунушталуучу артыкчылыктуу долбоорлорду бекитүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Лейлек районунун өнүктүрүү фондуна сунушталуучу артыкчылыктуу долбоорлорду бекитүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Лейлек районунун өнүктүрүү фондуна сунушталуучу төмөнкү артыкчылыктуу долбоорлор бекитилсин.
1. “Атайын техникаларды (кичи экскаватор, манипулятор-вышка, аз жүк ташуучу унаа)
сатып алуу” долбоору. Жалпы болжолдуу бюджети 13,1млн сом, а.и. өздүк салым
3,0млн сом.
2. “И.Раззаков көчөсүндө 280метр аралыктагы жолду жана жол инфратүзүлмөсүн оңдоо”
долбоору. Жалпы бюджети 7386900 сом, а.и. өздүк салым 2979267 сом.
- Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | C.А. Саматов |