Редакцияот 14.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 20-сессиясы

2023-жылдын 14-сентябрындагы № 5

Таштак участкасына тигүү цехин куруу үчүн Таштак участкасындагы авариялык абалдагы тамеки ферментациялоо заводунун имаратын бузуу жөнүндө

Момбеков айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын Таштак участкасына тигүү цехин куруу үчүн Таштак участкасындагы авариялык абалдагы тамеки ферментациялоо заводунун имаратын бузуу жөнүндөгү маалыматтын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 20-сессиясы токтом кылат:

 

 

1. Момбеков айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.

2. Таштак участкасына тигүү цехин куруу үчүн жер аянтын бошотуу максатында Таштак участкасындагы авариялык абалдагы тамеки ферментациялоо заводунун имаратын буздуруу жана чыккан керекүү курулуш материалдарын баалап сатуу муниципалдык менчиткги жерлерди жана имараттарды бузуу жана сатуу боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы

И Абдыразак уулу