Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2025-жылы 17-сентябры № 50
Салык боюнча Кз зоналык коэффициентинин өлчөмүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 9-сентябрындагы №024/25/03-6/542 сандуу каты сессияда каралып, талкууланды. Анын негизинде Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы имараттарга, курулмалар жана жайлар үчүн Салык кодекисинин 388-беренеси боюнча Кз зоналык коэффициенти 1,0 өлчөмундо белгиленсин.
2. Салык кодекисинин 404-беренеси боюнча, калктуу конуштардагы жерлерге жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгын эсептөө үчүн Кз зоналык коэффициенти 1,0 өлчөмүндөбелгиленсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестринде каттоо маселеси айылдык кеңештин жооптуу катчысы Т.Сапаровго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары - жооптуу катчы Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Артыков |