МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 20-сессиясы
2023-жылдын 14-сентябрындагы № 7
2024-жылга дем берүүчү үлүштүк грантка долбоорлорду сунуштоо жөнүндө
Момбеков айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси
Т. Эгембердиевдин 2024-жылга дем берүүчү үлүштүк грантка долбоорлорду сунуштоо жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын 20 – сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси
Т. Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык программасынын негизинде 2024-жылга дем берүүчү үлүштүк грантка төмөндөгү долбоорлор сунушталсын:
- Эски Кочкор-Ата айылына ФАП куруу.
- Курулуш айылындагы Ж. Турусбеков атындагы № 16 орто мектебиндеги
мектеп имаратынын чатырын, эшиктерин жана терезелерин алмаштыруу.
3. Курулуш айылындагы М. Амадалиев жана Тажикул Балбан көчөлөрүндөгү жолдун 1000 метр аралыгын асфальттоо жана тратуар орнотуу.
4. Дем берүүчү үлүштүк грантка долбоорлорду даярдап, тапшыруу жагы инвестицияларды тартуу боюнча башкы адиси Т. Эгембердиевке жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана Ф.Э. бөлүмүнүн башчысы Ч. Төлөновага жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | И Абдыразак уулу |