МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын 21 – сессиясы
2023-жылдын 25-сентябрындагы № 2
Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин", “Жер Кодексинин” жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алуу жөнүндөгү масалени угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 21-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айылынан 167,7 га жердин Ген планын жасатуу үчүн Республикалык бюджеттен максаттуу келген 2012800 ( эки млн он эки миң сегиз жүз ) сом акча каражаты төмөндөгүдөй сарпталсын.
Аппарат 2215- 2012800 ( эки млн он эки миң сегиз жүз ) сом Момбеков айылына 167,7 га жердин Ген планын жасатууга
2. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ч. Төлөновага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.З Абдыжапаровго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарышынын көзөмөлдөө жагы Момбеков айылдык кенешинин "Бюджет, каржы, экономика маселелери боюнча" туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | И Абдыразак уулу |