МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз 22 – сессиясы
2023-жылдын 5-октябрындагы № 1
Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо, уюштуруу жана өткөрүү күнүн бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы № 215 “Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен дайындалган 2023-жылдын 15-декабрында өтүүчү Элдик курултайга айыл аймагындагы делегаттарды шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн бирдиктүү тартиби, делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткаруучу аракеттердин нускамасына ылайык жобону бекитип берүү максатында күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Президентинин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндөгү”2022-жылдын 29-августундагы № 215 Жарлыгы аткарууга алынсын.
2. Момбеков айыл аймагынын калкынын саны 17222 болгондугуна карата элдик курултайдын делегаттарынын жалпы саны 100 (жүз) адам ченеминде бекитилсин.
3. Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча тиешелүү аймактарды
бөлүктөргө бөлүү ченемдери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Чек айылы – 14 (он төрт) адам
Жазгак айылы – 17(он жети) адам
Момбеков айылы – 23 (жыйырма үч) адам
Бостон айылы- 13 (он үч) адам
Курулуш айылы -24 (жыйырма төрт) адам
Жаңы-Кыштак айылы – 6 (алты) адам
Эски Кочкор-Ата айылы – 3 (үч) адам
4. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир айылда жыйындарды өткөрүү, уюштуруу боюнча иш-чара бекитилсин.
5. Элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин.
6. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар өткөрүлө турган күн, убакыт жана орду жөнүндө расмий маалыматтарды жарялоо айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | И Абдыразак уулу |