Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз 22 – сессиясы

2023-жылдын 5-октябрындагы № 2

Момбеков айыл аймагынын Административдик аймактык реформалоо долбоорун кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын Административдик –аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатындагы административдик аймактык реформалоо иштери жөнүндөгү масалени угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы токтом кылат:

 

1. Административдик аймактык реформалоого Ноокен айыл өкмөтү менен Момбеков айыл өкмөтүнүн географиялык абалы дал келбегендине байланыштуу бириктирүү сунушу четке кагылсын.

 

2. Момбеков айыл өкмөтүнун калкынын жыштыгын жана дотациядан чыккандыгын эске алып Момбеков айыл өкмөтү өзүнчө калтырылсын.

3. Токтомдун аткарылышы Момбеков айылдык кеңешттин мыйзамдуулук жана укук коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы

И Абдыразак уулу