Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылыштагы кезексиз VIII- сессиясы
2025-жылдын 11-апрелиндеги №8/1
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398 жана 404 беренесинин 4п. ылайык калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин зоналдык коэффициенттин
бекитип берүү жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 10.04.2025 жылдын № 1-06/994 кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 11 апрель 2025 жылдагы № 4 протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398 жана 404 беренесинин 4п. ылайык калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин зоналдык коэффициенттин карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын IХ чакырылыштагы кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 398 жана 404 беренесине 4п. ылайык калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин зоналдык коэффициенттин 1,0 өлчөмдө бекитилип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Көк-Жаңгак шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы |
Б.М.Исмаилов |