Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
2025-жылдын 23-майындагы №9/1
«Көк-Жаңгак шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын №1-06/1202 23.04.2025-жылдагы кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 22.05.2025-жылдагы №6 протоколунун негизинде Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Чыйбылова Айнагул Астанкуловнага «Көк-Жаңгак шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын IХ чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Чыйбылова Айнагул Астанкуловнага «Көк-Жаңгак шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы кеңештин иш жүргүзүүчүсү М.Маразыковага жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы |
Б.М.Исмаилов |