Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
2025-жылдын 23-майындагы №9/2
«28.04.2025-жылдагы №01-27/1263 кайрылуу каты жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын №1-27/1263 28.04.2025-жылдагы кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 22.05.2025-жылдагы №6 протоколунун негизинде Көк-Жаңгак шаарынын №4 Ю.А.Гагарин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин наамын Ооган согушунун ардагери маркум Кадыралы Жумабаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын IХ чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын №4 Ю.А.Гагарин атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин наамы Ооган согушунун ардагери маркум Кадыралы Жумабаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби деп өзгөртүлсүн.
2. Мектептин атын өзгөртүү үчүн мамлекеттик мекемелер менен мыйзамдуу иш чараларын алып баруу жагы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Джолдошевага милдеттендирилсин.
3. Мектептин атын өзгөртүүгө кеткен материалдык чыгымдар К.Жумабаевдин бир туугандарына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жана шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы |
Б.М.Исмаилов |