Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
2025-жылдын 23-майындагы №9/3
«Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 21.05.2025-жылдагы №01-27/1446 кайрылуу каты жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын №1-27/1446 21.05.2025-жылдагы кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 22.05.2025-жылдагы №6 протоколунун негизинде Көк-Жаңгак шаарынын №1 М.В.Фрунзе атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин эски имаратын бузуу жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын IХ чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын №1 М.В.Фрунзе атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин эски имараты бузулсун.
2. Мектепти бузуу иштеринин мыйзамдуулугу боюнча жоопкерчилик жана токтомду аткаруу жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка милдеттендирилсин.
3. Мектептин имаратын шаардын муниципалдык менчик реестринен чыгаруу жагы шаардын Муниципалдык менчик департаментинин жетекчисине жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмт жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы |
Б.М.Исмаилов |