Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
2025-жылдын 23-майындагы №9/4
«Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 22.05.2025-жылдагы №01-27/1447 кайрылуу каты жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын №1-27/1447 22.05.2025-жылдагы кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин экономика, өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 22.05.2025-жылдагы №3 протоколунун негизинде Көк-Жаңгак шаарынын ген планына өзгөртүү киргизүү жана Рабочая көчөсүндөгү бош турган 800 чарчы метр жер аянтын экиге бөлүп берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын IХ чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын ген планына өзгөртүү киргизилсин.
2. Көк-Жаңгак шаарынын Рабочая көчөсүндөгү бош турган 800 чарчы метр жер аянты 400 чарчы метрден экиге бөлүнсүн.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, токтомду аткаруу жагы шаардык мэриянын жер адиси У.Байматовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри С.Замирбек уулуна жана шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы |
Б.М.Исмаилов |