Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
2025-жылдын 23-майындагы №9/5
«Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 22.05.2025-жылдагы №01-27/1456
кайрылуу каты жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын №1-27/1456 22.05.2025-жылдагы кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 22.05.2025-жылдагы №6 протоколунун негизинде Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик департаментинин жетекчи кызмат ордуна Жаныбаев Абдижалал Тагеровичти дайындоого уруксат берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын IХ чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик департаментинин жетекчи кызмат ордуна Жаныбаев Абдижалал Тагеровичти дайындоого уруксат берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы шаардын мэри Замирбек уулу Сыргакка жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы |
Б.М.Исмаилов |