КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 18-августундагы № 15-4
“Жашасын-2 айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын 25-сентябрь 1997-жыл №67 “Географиялык аталыштар жөнундө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Жашасын-2 айылынын ички көчөсүнө билим берүүнүн ардагери Көлбаев Жумабайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү укук жана мыйзамдуулук туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун негиздеп жана сунушун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жашасын-2 айылындагы ички төртүнчү көчөсүнө Көлбаев Жумабайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Көлбаев Жумабай атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык символикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |