Загрузка документа…
КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин кезектеги IХ-сессиясынын отуруму
2025-жылдын 01-августу № 57
“Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №56 жана ПЖ № 109 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2022-жылдын 8-апрели ПЖ № 109 “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2023-жылдын 14-марты ПЖ №56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайк, Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүкбоюнча туруктуу комиссиясынын депутаты Д. Абдиллаевдин жана Кулунду айыл өкмөтүнүн курулуш жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Д. Жумабай уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги IX -сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, кезектеги IX-сессиясынын отурумунун №9-протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 4-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |