Редакцияот 18.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

2023-жылдын 18-августундагы № 15-12

 

“Таштак айылына балдар куран жаттоо борбору” жөнүндө

Таштак айылынын жергиликтүү тургундарынын 2023-жылдын 14-август күнү өткөрүлгөн жыйындын протоколун негиздеп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Таштак айылындагы Мусулманкул ажы атындагы мечиттин жанына уул балдар куран жаттоо борборун курууга уруксат берилсин.

 

2. Курулуп жаткан медресе “Аалым Жээнбеков Мусулманкул ажы” атындагы куран жаттоо борбору деп аталсын.

 

3. Мыйзам негизинде иш кагаздарын даярдоо Н. Жээнбековго милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

 

Төрага:

Т. Джороев