Редакцияот 18.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

2023-жылдын 18-августундагы № 15-16

 

“Жаны-Ачы айылына мечит куруу” жөнүндө

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын 2023-жылдын 26-июлундагы отурумунун протоколун негиздеп, Жаны-Ачы айылынын жергиликтүү тургундардын айыл чогулушунун протоколун негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жаны-Ачы айылындагы 200 м2 жер аянтына мечит курууга макулдук берилсин.

 

2. Мыйзам негизинде тийиштүү иш кагаздарын даярдоо тийиштүү адистерге милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

Төрага:

Т. Джороев