КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 18-августундагы № 15-17
“Тооруктун баштапкы баасын бекитүү” жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнун 17-август 2023-жылдагы кайрылуу катын негиздеп, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдагы 02-июнь №45 Жер Кодексинин 29-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген Типтүү жобонун негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун сугат жерлерин ижарага тоорук аркылуу берүүдө баштапкы баасы 6000 (алты миң) сом деп белгиленсин.
2. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин жана аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго тапшырылсын.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |