Редакцияот 18.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

2023-жылдын 18-августундагы № 15-19

 

“Мундуз айылындагы ички көчөгө ысым ыйгаруу” жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын 25-сентябрь 1997-жыл №67 “Географиялык аталыштар жөнундө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, 2023-жылдын №01-16/226 “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин корунутундусунун негизинде, Мундуз айылынын ички көчөсүнө (Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу бөлүгу) Калымбетов Чотурдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү укук жана мыйзамдуулук туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун негиздеп жана сунушун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Мундуз айылынын ички көчөсүнө (Кызыл-Туу айыл аймагына тиешелүү бөлүгүнө) ысымы ыйгарылсын.

 

2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Калымбетов Чотур атындагы көчө деп аталсын.

 

3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык символикасы белгиленсин.

 

4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyltuu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

Т. Джороев