Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылыштагы кезексиз Х сессиясы
2025-жылдын 25-июлундагы №10/1
«Көк-Жаңгак шаарынын автобекетин Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесине жана «Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 26-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 24.07.2025 жылдын № 1-27/2233 кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 24.07.2025 жылдагы №5 протоколунун негизинде Көк-Жаңгак шаарынын Рабочая көчөсүндө жайгашкан, аянты 3200 м² болгон автобекетин Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын IХ чакырылыштагы кезексиз Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын Рабочая көчөсүндө жайгашкан жер аянты 3200 м² болгон автобекетин Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Көк-Жаңгак шаарынын мэри С.Замирбек уулуна жүктөлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы |
Б.М.Исмаилов |