Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылыштагы кезексиз Х сессиясы
2025-жылдын 25-июлундагы №10/2
«Көк-Жаңгак шаарынын «Шар-Булак» өзүн-өзү
камсыз кылуу ишканасынын 21.07.2025-ж. №16
кайрылуу каты жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаарынын «Шар-Булак» өзүн-өзү камсыз кылуу ишканасынын 21.07.2025-жылдагы №16 кайрылуу катынын негизинде сунушталган төлөмдөрдү карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын IХ чакырылыштагы кезексиз Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын «Шар-Булак» өзүн-өзү камсыз кылуу ишканасынын ичүүчү сууга түзүлгөн төмөнкү тарифтери бекитилсин:
Батирден жана короодон сырткы суу түтүкчөлөрдөн колдонулган суу үчүн – 80 сом;
Батирлерден жана короодо жайгашкан суу түтүкчөлөрдөн колдонулган суу үчүн – 100 сом;
Күнү-түнү аккан суу колдонгон жашоочулар үчүн – 250 сом;
Бюджеттик мекеме ишканалар 2026-жылдын 1-январынан тартып 1 куб.м.-25 сом.
2. Жашоочуларга ичүүчү сууну жеткирүүнүн сапатын жакшыртуу жагы «Шар-Булак» өзүн-өзү камсыз кылуу ишканасынын жетекчиси К.Киезбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы шаардык «Шар-Булак» өзүн-өзү камсыз кылуу ишканасынын жетекчиси К.Киезбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин экономика,өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы |
Б.М.Исмаилов |