ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 18-декабрындагы № 192
Кызыл-Ураан айылындагы №32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби-мекемесинин терезелерин алмаштыруу долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндө
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасы- нын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына таянып, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы токтом кылат :
1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылануучу, жалпы суммасы 3752567 сомду түзгөн ” Кызыл-Ураан айылындагы №32 Бекназар атын- дагы жалпы орто билим берүүчү мектеби-мекемесинин терезелерин алмаштыруу” долбоордук сунушу жактырылсын.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салым, Үч-Терек айыл өкмөтүнө 2024-жылга карата Токтогул райондук Атайын фонддон бөлүнүүчү каражаттын эсебинен , 752567сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Атайын фонддон каралып жаткан 752567сом акча каражатына Аппарат- тын 3111 статьясына план берүү жагы райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А. Байсабаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Дөөлөткелдиев |