Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 26-сентябрындагы №11/1
«Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 24.09.2025-жылдагы №01-6/2773
каты жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 24.09.2025-жылдагы №01-6/2773 кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 25.09.2025-жылдагы №6 протоколунун негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы И.Раззаков кичи көчөсүнүн №13 дарегинде жайгашкан автобаза «Тулпар» ишканасынын жер аянтын «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК башкармалыгына узак мөөнөткө пайдаланууга берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын IХ чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы И.Раззаков кичи көчөсүнүн №13 дарегинде жайгашкан автобаза «Тулпар» ишканасынын жер аянты «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК башкармалыгына узак мөөнөткө пайдаланууга берилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы шаардын мэри С.Замирбек уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы |
Б.М.Исмаилов |