Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 26-сентябрындагы №11/2
«Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 19.09.2025-жылдагы №01-6/2720
каты жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 19.09.2025-жылдагы №01-6/2720 кайрылуу катынын жана шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 25.09.2025-жылдагы №7 протоколунун негизинде турак-жай имараттары үчүн салыктын ставкасын бекитип берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын IХ чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын турак-жай имараттары үчүн салыктын ставкасы 15 сом бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы шаардын мэри С.Замирбек уулуна милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын
1-январынан тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы |
Б.М.Исмаилов |