Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 26-сентябрындагы №11/3
«Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 25.08.2025-жылдагы №01-6/2473
каты жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 25.08.2025 жылдын № 01-6/2473 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын Артык Ажы көчөсү менен Комсомол көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан, эски №5 дүкөндүн ордуна балдар ойноочу аянтча курууга 397,0 чарчы метр жер аянтын Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын IХ чакырылыштагы кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын Артык Ажы көчөсү менен Комсомол көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан 397,0 чарчы метр жер аянтын Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Эски №5 дүкөндүн ордуна балдар ойноочу аянтча курууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомду аткарууда коопсуздук жагы каралсын.
4. Токтомдун аткарылышы Көк-Жаңгак шаарынын мэри С.Замирбек уулуна жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы |
Б.М.Исмаилов |