Редакцияот 18.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы

2023-жылдын 18-декабрындагы № 196

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамы менен сыйлоого сунуш берүү жөнүндө

Жусукеев Бектемир Качыкович 1960-жылдын 06-майында Токтогул районуна караштуу Жетиген айылында туулган.1975-жылы Жетиген орто мектебин бүтүрүп, Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна кирип, 1980-жылы аяктаган. Эмгек жолун 1980-жылы өзү окуган Жетиген орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.1980-1994жж Жетиген мектебинде мугалим,1994-2008жж мектептин директору, 2008-2010жж Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси, 2010-2016ж.ж. №20 Т.Жүндүбаев атындагы орто мектебинин директору, 2016-жылдан ушул мезгилге чейин Жетиген айылындагы Б.Салаев атындагы орто мектебинде соц.педагог жана биология мугалими болуп иштеп келе жатат. 1996-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги» төш белгиси, 2011-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы»,Торкент айылдык округу тарабынан «Ардак грамота», Токтогул райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин «Ардак грамотасы», 2013-жылы Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин «Ардак грамотасы», 2014-жылы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Ардак грамота» менен сыйланган.

№34 Б.Салаев атындагы орто мектебинин биология мугалими Жусукеев Бектемир Качыковичке «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамы менен сыйлоого сунуш берүү жөнүндөгү Жетиген айылындагы №34 Б.Салаев атындагы орто мектебинин профсоюз уюмунун 2023-жылдын 18-сентябрындагы жалпы чогулушунун токтомун негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIV сессиясы токтом кылат:

 

1. №34 Б.Салаев атындагы орто мектебинин биология мугалими Жусукеев Бектемир Качыковичке «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамы менен сыйлоого сунуш берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Бул сунушту бекитип берүү жана жогорку жактарга сунуштоо жагы Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .

 

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Дөөлөткелдиев