Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 26-сентябрындагы №11/12
«Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 08.09.2025-жылдагы №01-6/2609
каты жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 08.09.2025 жылдын № 01-6/2609 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын балансында турган 2002-жылы чыккан ВАЗ 21213 маркасындагы “Нива” автоунаасын муниципалдык менчик департаментинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын IХ чакырылыштагы кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын балансында турган 2002-жылы чыккан ВАЗ 21213 маркасындагы “Нива” автоунаасы муниципалдык менчик департаментинин балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэри С.Замирбек уулуна жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы |
Б.Исмаилов |