ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 18-декабрындагы № 198
Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражатына кошумча план алууга макулдук берүү жөнүндө
Республикалык бюджеттен компенсация катары түшкөн 205миң сом, бирдиктүү салык боюнча түшкөн 94600 сомду Аппараттын 2222 беренесине, кошумча түшкөн киреше салыктын эсебинен 1млн сом акча каражатты: Аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине-250миң, 2222 беренесине-330миң, 2511 беренесине 150миң сом, 2721 беренесине 250миң сом жана 2824 беренесине 20миң сом план алууга макулдук берүү жөнүндөгү, айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы М.Калбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы токтом кылат:
1. Республикалык бюджеттен компенсация катары түшкөн 205миң сом, бирдиктүү салык боюнча түшкөн 94600 сомду аппараттын 2222 беренесине жана кошумча киреше салыктын эсебинен түшкөн 1млн сом акча каражатты: Аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине-250миң, 2222 беренесине-330миң, 2511 беренесине 150миң сом, 2721 беренесине 250миң сом жана 2824 беренесине 20миң сомго план алууга макулдук берилсин.
2. Жогоруда аталган суммага план берүү жагы Токтогул райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
3. Жогоруда каралган акча каражаттары боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы М.Калбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Дөөлөткелдиев |