Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 26-сентябрындагы №11/13
«Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 08.09.2025-жылдагы №01-6/2609
каты жөнүндө»
Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын 08.09.2025 жылдын № 01-6/2609 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын 40-кварталындагы Шахтер көчөсүнүн №43 дарегинде жайгашкан А/О “Жетиген” заводуна тиешелүү болгон 1,5 га жер аянтын Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берүү жөнүндө карап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын IХ чакырылыштагы кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын 40-кварталындагы Шахтер көчөсүнүн №43 дарегинде жайгашкан А/О “Жетиген” заводуна тиешелүү болгон 1,5 га жер аянтын Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Көк-Жаңгак шаарынын мэри С.Замирбек уулуна жүктөлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы |
Б.Исмаилов |