ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2023-жылдын 18-декабрындагы № 200
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү мүлк салыктарын бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 22-декабрындагы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 151-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасынын жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, 2024-жылдын 01-январынан баштап мүлк салыгын киргизүү жөнүндө Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башкы салык кызматкери А.Ырысбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык,Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы токтом кылат:
1. 2024-жылдын 01-январынан баштап Үч-Терек айыл өкмөтүндө Айыл чарбасына багытталган жер салыгы ; айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы; I, II, III, IV группадагы мүлк салыктары ; жеке тараптардан алынуучу короо жай жана дачалык участоктордон алынуучу жер салыгы киргизилсин.
2. Бекитилген жергиликтүү салыктын түрлөрү менен иш алып баруу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев |