Редакцияот 28.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин VII-шайланган кезексиз 14-сессиясынын

 

2023-жылдын 28-сентябры № 33

Донуз-Тоо айлынындагы көчөгө Канжанов Түрсүнбайдын атын ыйгаруу жөнүндө

Донуз-Тоо айлынын кире беришиндеги Кызыл-Кыя участкасындагы жайгашкан үйлөрдүн көчөсүнө аты жок экендиги тууралуу, атуулдарынын кайрылуусун карап, алардын кайрылуусун аткаруу максатында Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндө көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып көчөгө маркум. Канжанов Түрсүнбайдын атын коюу боюнча Кызыл-Тоо айылдык Кеңештин 7-чакырылыш кезексиз 14 сессиясы

 

токтом кылат:

1.Доңуз-Тоо айлынын  кире беришиндеги Кызыл-Кыя участкасындагы жайгашкан айылдын көчөсүнө Канжанов Түрсүнбайдын аты ыйгарылсын.

2. Ушул токтомду мыйзамдаштыруу жагы  кадастр мамлекеттик    мекемесинен Өзгөн филиалынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин айыл чарбасы,жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирипсин.

Төрага:

Т.Темиралиев