Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 22-cентябры № 58
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык Бөлүмүнүн 18.09.2025-жылдагы № 01-6/300 сандуу катын кароо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 18.09.2025-жылдагы №01-6/300 сандуу катын угуп жана талкуулап Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы токтом кылат:
1. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын карап чыгып, кетирилген кемчиликтерге баа берилсин жана тийиштүү жооптуу адамдарга чараларды көрүү жагы.Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу А. Маматовко тапшырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 18.09.2025-жылдагы №01-6/300 сандуу катында көрсөтүлгөн баардык кемчиликтерди жоюу максатында тиешелүү адистер менен иш алып ,барылсын.
3. Жер аянттарынын категорисын өзгөртүүдөгү айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруу төлөмүнө ашыкча которулган 654,2 миң сом белгиленген тартипте жергиликтүү бюджетке кайтаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Баткен финансы башкармалыгынын башчысы Э.М Осмоновко кайрылуу кат жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучу А. Маматовко жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрайым: | А. Матраимова |