КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин VII-шайланган кезексиз 14-сессиясынын
2023-жылдын 28-сентябры № 34
Кызыл-Тоо айылына демөөрчү тарабынан ачылып жаткан спорт комплексине ат коюу жөнүндө
Кызыл-Тоо айылынын тургуну Балбыров Эркинбай өзүнүн огордунун ичинен жаштар үчүн бүгүнкү замандын талабына ылайык күрөштүн түрлөрү боюнча демөөрчүлүк менен спорт комплексин ачып,атын атасы “Балбыров Рахманали” деп ат коюууну сураган ,демөөрчүнүн суроо талабын орундатуу максатында айылдык Кеңештин 7-шайланган 14 сессиясы
токтом кылат:
1.Кызыл-Тоо айылына жаңы ачылып жаткан спорт комлексине “Балбыров Рахманалинин” атын ыйгарылсын.
2.Ушул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Кадастр мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан суралсын .
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы,жер жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Т.Темиралиев |