Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 22-cентябры № 60
Алтын-Бешик айыл аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн “Арал Кен” “ Жоопкерчилиги чектелген коомуна чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн макулдук берүү жөнүндө.
Алтын-Бешик айылдык кеңешинин Жер жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын катчысы Б.Муратовтун баяндамасын угуп жана талкуулап аталган комиссиянын 22-сентябрындагы №3 протоколунун ,жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорло институту мамлекеттик ишканасынын 26.01.2018 жылдагы №01-8/99 сандуу катынын негизинде, Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы токтом кылат:
1 Алтын-Бешик айыл аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан “Арал Кен“Жоопкерчилиги чектелген коомуна № 5773 АР Лицензиясында көрсөтүлгөн 2026-жылдын 30-ноябрына чейин Алтын-Бешик айыл аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жалпы аянты 374.0 га жер үчүн макулдук берилсин.
1 “Арал Кен“Жоопкерчилиги чектелген коомуна Экологиялык талаптардын сакталышына көзөмөл жургүзүү жагы, Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучу А.Маматовко милдеттендирилсин.
2 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Жер жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | А. Матраимова |