Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 22-cентябры № 61
Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн түрткү берүүчү грантка сунуштаган долбоорун колдоо жөнүндө.
Алтын-Бешик айыл өкмөтүнө караштуу Газ, Согмент айылдарыга Түрткү берүүчү гранттын эсебинен курулуучу скважина (Кудук) куруу үчүн айыл өкмөтүнөн өздүк салым төлөп берүү жөнүндө, Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн убактылуу милдеттин аткаруучу А.Маматовдун билдирүүсүн угуп, жана Жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы токтом кылат:
1 Алтын-Бешик айыл өкмөтү тарабынан сунушталган Газ, Согмент айылдарыга скважина каздыруу долбоору колдоого алынсын.
2 Долбоорду ишке ашыруу үчүн Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинен 8 000 000 сом (сегиз миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3 Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, белгиленген мөөнөттө комиссияга тапшыруу жагы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн убактылуу милдеттин аткаруучу А.Маматовго милдеттендирилсин.
4 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | А. Матраимова |