Редакцияот 17.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIX сессиясынын

 

2023-жылдын 17-июлундагы № 3

Жер мунапысына кирген турак жайларды мыйзамдаштыруу  жөнүндө

 

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги XXIX сессиясы,  Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин”Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүңдө жобону бекитүү тууралуу №291 токтомуна ылайык,  архивдик документтер күйүп кеткендигине байланыштуу 2005-жылдан 2019-жылга чейин отурукташкан элдин мыйзамсыз турак жайларын документтештирүү үчүн ошол маалдагы ген планга ылайык отурукташкан жерлерди мыйзамдаштыруу  жөнүндө айыл өкмөт башчысы А.Адишовтун сөзүн угуп жана талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.Бешик-Жон  айыл аймагындагы жер мунапысына кирген, 2005-жылга чейин отурукташкан элдин турак жайы турган жери , ээлеген же участок  аянттары-0,20га чейин деп белгиленсин.

2. 2005-жылдан 2019-жылга чейин отурукташкан турак жай, жер аянттары  0,08 га,  0,10 га деп бекитилсин.

3. 2019-жылдан кийинки турак жай, жер аянттары 0,06га деп белгиленсин.

4. Ушул токтом  жарыяланган күндөн тартып күчүнө  кирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселери  боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Бешик-Жон айылдык 

кеңешинин  төрагасы:

 

А.Чолпонбаев