Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясынын

 

2023-жылдын 29-сентябрындагы № 4

Бешик-Жон айылындагы Ботобаев Арстанбек көчөсүнө трансформатор орнотуу жөнүндө

 

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  кезексиз XXXI сессиясы, Бешик-Жон айылынын А.Ботобаев атындагы көчөгө трансформатор орнотууга Базар-Коргон өнүктүрүү  фондуна долбоордук наркы  500 000  сомду   түзгөн  долбоору  боюнча    башкы бухгалтер  Н.Олжобаевнын сөзүн угуп жана талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ: 

1. Бешик-Жон айылынын Арстанбек Ботобаев көчөсүнө трансформатор    орнотуу   долбоору жактырылсын.

2. 50 000(элүү миң) сом акча каражаты Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2023- жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.

3. 450 000 сому Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фондунан суралсын.

4. Мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.

5.  Ушул токтом жарыяланган  күндөн тартып күчүнө  кирсин.

6.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин  “Бюджет, өнөр жай,курулуш ,элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр  боюнча туруктуу   ” комитетине жүктөлсүн.

 

Бешик-Жон айылдык 

кеңешинин  төрагасы:

 

А.Чолпонбаев