БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН VIII-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН № 18 КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫНЫН
2023-жылдын 13-январындагы № 18/4
Байзак айыл аймагынын территориясындагы ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө болгон мунициплдык менчик жөнүндө” Мыйзмынын 2, 19-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык “Токтомуш” СПАсына тиешелүү ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө чечими тууралу Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын укугуна берүү жөнүндо токтом кылат.
1. “Токтомуш” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйыныны ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канаатандырылсын.
2. Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Сагынбеков
1) “Токтомуш” суу пайдалануучулары менен ирригациялык курулмалар түрүндө мүлктү кабыл алуу берүү актысын түзүн
2) “Токтомуш” суу пайдалануучулары ассоциациясы менен ирригациялык курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариюстан күбөлондүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарына каттатсын.
3) Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине камтысын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзомөлдөө айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымы: |
|
М. Молдалиева |