Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-сентябры № 2-НПА
Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 1/3а дарегинде
жайгашкан жер участогун муниципалдык менчикке
кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу» токтомун аткаруу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, токтом кылам:
1. Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 1/3а дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду: 1-01-12-0014-1018, жалпы аянты 176 чарчы метр жер участогун Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгы белгиленген тартипте:
– муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүү киргизсин;
– ушул токтомдон келип чыккан башка зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
Мэр |
| А.Дж. Джунушалиев |