БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТТАРДЫН VIII-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН № 18 КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫНЫН
2023-жылдын 13-январындагы № 18/7
Байзак айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жана “Көлмө” ИСКАКБнын мүлктөрүн муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө болгон мунициплдык менчик жөнүндө” Мыйзмынын 2, 19-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жана “Көлмө” ИСКАКБнын мүлктөрүн муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө чечими тууралу Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын укугуна берүү жөнүндо токтом кылат.
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчолөрүнүн жалпы жыйынынын менчигиндеги мүлктордү муниципалдык менчикке берүу жөнүндө суроо-талабы канаатандырылсын.
2. “Көлмө” ИСКАКБ ынын мүчолөрүнүн жалпы жыйынынын менчигиндеги мүлктөрдү муниципалдык менчикке берүу жөнүндө суроо-талабы канаатандырылсын.
3. Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Сагынбеков
1) Жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен менчигиндеги мүлктү кабыл-алуу берүү актысын түзсүн
2) Жайыт пайдалануучулар бикмеси менен мүлктөрдү берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариюстан күбөлөндүрүлсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарына каттатсын.
3) “Көлмө” ИСКАКБы менен менчигиндеги мүлктү кабыл-алуу берүү актысын түзсүн
4) “Көлмө” ИСКАКБы менен мүлктөрдү берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариюстан күбөлөндүрүлсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарына каттатсын.
5) Жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен “Көлмө” ИСКАКБынын мүлктөрүн менчик реестрине камтысын
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Сагынбеков Байыш Сагынбековичке милдеттендирилсин.
Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымы: |
|
М. Молдалиева |