Редакцияот 25.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз

5-сессиясы

 

2025-жылдын 25-февралы  №5-8

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 28-февралындагы №01-26/62 сандуу катына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдагы 22-февралындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө “№53 мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 Жарлыгы боюнча жобосун бекитүү жөнүндө

 

          Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө жобону угуп, таанышып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, II чакырылышынын кезексиз  5-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө жобо бекитилсин.

2.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын,маркумга арналган иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө үчүн жобонун негизинде жүргүзүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн айыл башчылар жана айылдык кеңешинин социалдык маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

 А. Сатвалдиев